Казакстанда акыркы жылдары ядролук медицина онкология менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмаларынын бири катары өзүн көрсөттү. Аны эрте диагноздоо жана дарылоо үчүн өлкөдө радиофармацевтикалык каражаттардын 90% өндүрүлөт. Бүгүнкү күндө үч негизги дары ядролук физика институтунда өндүрүлөт. Алардын экөө йод-131 жана Технеций-99м радиоизотопторунун негизинде атомдук изилдөө реакторунун базасында даярдалат.
Елена Чакрова, ядролук физика институтунун радиохимия жана изотоптор өндүрүшү илимий-техникалык борборунун башчысы:
– Адам денесинин бардык системаларын дарыгер тандаган Технеций ыкмасы менен көрүүгө болот. Ядролук медицинанын алтын стандарты сөөк метастаздарын, башкача айтканда, жалпы технеция менен көзөмөлдөө аркылуу белгиленип, киргизилет. Эгерде сөөк метазтазалары, онкологиялык илдеттерде аныкталса аталган препараттын аркасында абдан жакшы көрүнөт.
Учурда фтор-18 жана лютеций-177 изотопторунун негизинде жаңы препараттар иштелип чыгууда. Алар простата илдетин аныктоо үчүн зарыл. Дарыгердин айтымында, дарылоонун ийгиликтүү аякташы аны эрте аныктоого түздөн-түз байланыштуу. Бул жаатта дагы бир казакстандык препарат - Фтордезоксиглюкоз 18Ф алмаштыргыс жардамчы болуп саналат.
Жандос Аманкулов, «Казак онкология жана радиология» илимий-изилдөөлөр институтунда радиология жана ядролук медицина бөлүмүнүн башчысы:
– Радиофармацевтика медицинасында кыска мөөнөттүү же ультра кыска изотоптор колдонулат. Аларды биз башка өлкөлөрдөн алып келе албайбыз, анткени алар фтордезоксиглюкозаны ташууда 4 сааттан ашпашы керек. Ошондуктан, башка өлкөлөрдөн, алыскы аймактардан биз бул радиофармацевтикалык каражатты алып келе албайбыз. Аны ушул жерден чыгарышыбыз керек.
Быйыл аталган дары-дармектер Кыргызстанга жеткирилди. Ошондой эле бүгүнкү күндө Казакстанда онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоо 9 ядролук медицина борборунда жүргүзүлүүдө. Мындан ары Астана, Актөбе, Караганда жана Өскемен шаарларында дагы бир нече объектилердин ачылышы пландалууда. Казакстан өзөктүк медицинаны мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул учурда, өзөктүк энергия негизги ролду ойнойт. Ата мекендик окумуштуулар Түштүк Корея, Жапония жана АКШнын тажрыйбасына таянып, алдыңкы технологияларды киргизишет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков