Парламенттик реформа – саясий өзгөрүүлөрдүн улантылышы

Парламенттик реформа – саясий өзгөрүүлөрдүн улантылышы

Парламенттик реформа – бул Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бир нече жыл мурда баштаган масштабдуу саясий модернизациянын бир кадамы. Анын негизинде «Күчтүү Президент – таасирдүү Парламент – отчет берүүчү Өкмөт» деген так аныкталган концепция жатат. Өкүлчүлүктүү бийликтин бүтүндөй трансформациясы мыйзам чыгаруучу органга жарандардын кызыкчылыктарын жана эркинин толук чагылдырууга мүмкүндүк берет. Ал эми кеңири талкуу сапаттуу документ даярдоого мүмкүндүк берет, деп билдиришет Парламенттик реформа боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү.

Елнур Бейсенбаев, Парламент Мажилисинин депутаты:

- 2019-жылдан бери мамлекет башчысы масштабдуу саясий реформалардын бир нече топтомун демилгелеген. Эң маанилүү реформалардын бири 2022-жылы президенттин ыйгарым укуктарына тиешелүү жүргүзүлгөн реформа болду. Ал эми учурдагы парламенттик реформа бул системалык трансформациянын уландысы болуп саналат. Келечектеги талкууларда айтылган пикирлердин негизинде чоң иштер жасалат. Ошондуктан, бул талкуулар ачык-айкын, элдин пикирин эске алуу менен өтүшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.

Айдос Сарим, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Бизди жыл бою абдан чоң иш күтүп турат, биз жумушчу топтун ичинде өз регламенттерибизди аныктап, сунуштарды чогултуу тартибин белгиледик. Бүгүнтөн баштап чоң коомдук механизмдер – Егов, Е-өтүнүч ишке кирди, анда жарандар өз сунуштарын бере алышат. Бирок буга кошумча, биз мүмкүн болушунча көп талкууларды уюштуруу жана абдан сапаттуу документ иштеп чыгуу үчүн ишти уюштурушубуз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков