Казакстан
менен Сауд Арабия архивдик документтери менен алмашат. Борбор калаада эки
өлкөнүн Улуттук архивдери өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул
келишим биргелешкен долбоорлорго жана илимий изилдөөлөргө жол ачат. Тараптар
кызматташтык эки тарапка тең пайдалуу дешет. Эки архивдик фонддо Ислам цивилизациясын
толуктаган байыркы кол жазмалар жана баалуу документтер сакталган. Сауд Арабиясынын
Падышасы Абдель Азиз атындагы илимий-изилдөө жана архив фонду Жакынкы Чыгыш
аймагындагы архив ишинин эң беделдүү мекемелеринин бири.
Сагила Нурланова, Улуттук архивдин мүдүрү:
- Алдыдагы убакытта бул меморандумдун алкагында эки
тараптуу план иштелип чыгат. Ушул эле план боюнча биз тыгыз байланыш түзүп,
архив тармагындагы кызматташтыгыбызды бекемдейбиз. Мисалы, биздин улуттук архивде
1154-жылы араб картографы Аль-Идриси жазган карта бар. Ошол эле картаны дагы
деле изилдөө керек. Ошондуктан, менимче, Араб өлкөсүнүн жана биздин өлкөнүн
окумуштуулары биргеликте дагы көп изилдөөлөрдү жүргүзөт деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

