Казактын баатыр кыздарынын эстеликтерине гүлчамбарлар коюлду

Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев Жеңиш күнүнө карата казактын баатыр кызы Алия Молдагулованын эстелигине гүлчамбар коюп, согуш жылдарында курман болгон жоокерлердин рухуна таазим кылды. Иш-чарага депутаттар, эмгек жана күч структураларынын ардагерлери жана аскер кызматкерлери катышты. Мындан тышкары, Жогорку Палатанын Спикери согуштун ардагери Рзагул Байкешевди Жеңиш күнү менен куттуктады. 100 жаштагы ардагер согуш жылдары Польша, Румыния жана Венгрияны бошотууга катышкан. Ошондой эле, Мажилистин төрагасы Ерлан Кошанов казактын дагы бир баатыр кызы Маншук Маметованын эстелигине гүлчамбар койду. Өлкө парламентинин депутаттары эрдик менен курман болгон жоокерлерди бир мүнөт үнсүз туруп эскерип, таазим кылышты. Советтер Союзунун Баатырынын эстелиги борбор калаада 2018-жылы ачылган. Эске сала кетсек, согуш жылдарында бир миллион эки жүз миң казак майданга аттанган. Алардын жарымы өлкөгө кайтып келген эмес. Жети жүз миңден ашуун казакстандык оорукта эмгектенген. Алардын бардыгы Улуу Жеңишке эбегейсиз салым кошкон.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков