Казакстан Президентинин Нью-Йоркко сапарынын жыйынтыгы тууралуу серепчилердин пикири

Казакстан Президентинин Нью-Йоркко сапарынын жыйынтыгы тууралуу серепчилердин пикири

Казакстан Президентинин Нью-Йоркко болгон сапарын саясат таануучулар стратегиялык деп аташууда. Касым-Жомарт Токаев дүйнөдөгү эң ири трансулуттук корпорациялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Өлкө мунай-газ тармагындагы дүйнөлүк лидерлер менен кызматташтыкты бекемдеп, алдыңкы технологияларды жана «жашыл» энергетиканы өнүктүрүүнү талкуулап жатат. Саясат таануучу Султан Акимбеков мунун баары Казакстан үчүн гана эмес, бүткүл Борбордук Азия үчүн экономикалык жактан пайдалуу экенин баса белгилейт. Андан тышкары, сапардын негизги окуяларынын бири – транспорттук коридорлорду өнүктүрүү. Казакстан Чыгыш менен Батыштын ортосундагы логистикалык хаб катары өзүнүн ролун бекемдөөнү пландаштырууда. Бул багытта Транскаспий же аны дагы – Ортоңку коридор деп аталган Кытайдан Европага Каспий аркылуу өтүүчү маршрут өзгөчө мааниге ээ. Соода жаңжалдары жана глобалдык туруксуздук шартында бул жол кыска гана эмес, коопсуз да болуп баратат. Бул аны ого бетер тартымдуу кылат.  

Султан Акимбеков, Саясат таануучу: 

- Биз континенттин борборунда жайгашканбыз жана биз үчүн деңиз портторуна жана жалпысынан негизги товардык агымдарга мүмкүн болушунча ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жалгыз вариант. Бизде Ортоңку коридор бар, Кытайдан Европага кеткен соода жолдору бар, Түндүк-Түштүк жолдору бар жана эгерде бизде тиешелүү локомотивдер болсо, анда бул биргелешип мультипликативдик эффект бериши керек.  

Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында Казакстандын жана Америка Кошмо Штаттарынын ири компанияларынын ортосунда 11 келишим жана меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин жардамчысы – пресс-катчысы Руслан Желдибай билдирди. Документтер өлкөнүн экономикасына 5 миллиард доллардан ашык инвестиция тартууну карайт жана стратегиялык маанилүү тармактарды – транспорт, логистика, энергетика жана маалыматтык технологияларды камтыйт. Серепчилердин пикиринде, бул жакынкы жылдарда экономикалык таасир берүү менен эле чектелбестен, Казакстандын дүйнөлүк аренадагы узак мөөнөттүү позициясын да бекемдейт. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков