Казакстандын эл аралык кызматташтыгы артып келет

Астанада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жолугушат. Кезектеги жыйын бугу айынын 21де болот. Иш-чарага тышкы саясат мекемелеринин башчылары менен бир катар уюмдун башкы катчысы жана аймактык терроризмге каршы структуранын аткаруу комитетинин мүдүрү катышаары күтүлүүдө. Жыйында быйыл борбор калаада өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдыктын жүрүшүн кароо пландалууда.

Айбек Смадияров, ТИМ расмий өкүлү: 

-Делегациялардын башчылары Уюмдун алкагында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эл аралык жана аймактык абал, коопсуздук жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашат. Жыйында уюмдун алдыда боло турган саммитинин жыйынтыктоочу документтерине байланыштуу бир катар чечимдерге кол коюу, ошондой эле Маалыматтык билдирүүнү алуу пландалууда.

КЭРна ата мекендик өнүмдүн экспортун көбөйтүү жана агро өнөр жай комплекси багытында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу. Башкача айтканда, тараптардын айыл чарба тармагында кызматташтыгынын чөйрөсүн кеңейтүү. Ушул жана башка өз ара байланыш дарамети ушул аптада Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери орун басарынын Казакстанга сапары учурунда талкууланат.

Айбек Смадияров, ТИМ расмий өкүлү:

-Сапардын негизги максаты - өкмөттөр аралык мамилелерди чыңдоо, ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулоо. Ошондой эле Казакстандын өкмөтүнүн жетекчилиги жана Казакстандын бир катар облустарынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү мерчемделген.

Ал эми бугу айынын 17-18де Стамбулда Түрк инвестициялык фондун башкарган мүчө-өлкөлөр кеңешинин биринчи инаугурациялык жыйыны өтөт. Анда фонддун иши расмий башталып, уюштуруучу өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жолдору каралат. Эске сала кетсек, Казакстан тарап бул фондду түзүүнү 2015-жылы сунуштаган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков