Р. Скляр иш сапары менен Павлодар облусунда болду

Р. Скляр иш сапары менен Павлодар облусунда болду

Казакстандын Премьер-министринин биринчи орун басары Роман Скляр иш сапары менен Павлодар облусуна барды.  Ал жерде облустун жылытуу мезгилине даярдыгын текшерип, Екибастуз шаарынын жылуулук менен камсыздоо булактарындагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул жердеги ГРЭС-2 объектисин кеңейтүү жана модернизациялоо долбоорунун алкагында №3,4 энергоблокторду орнотуу иштери тууралуу маалымдалды. Бул жылына кошумча 6,8 миллиард киловатт-саат өндүрүштү жана станциянын белгиленген кубаттуулугун 1 миң МВтка көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Роман Скляр иш сапарынын алкагында ГРЭС-1 объектисинде болду. Бул станциянын кубаттуулугун 4 миң МВтка чейин жогорулатуу көздөлүп жатат. Долбоор план боюнча ишке ашырылууда. Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министр шаардагы «Богатырь» көмүр кенин жана башка жылуулук объектилерин жаңылоо иштери менен таанышты. Роман Скляр кышкы сезонго даярдыктарды өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле, биринчи вице-премьер-министрге турак жай курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Мисалы, 2023-жылы Екибастуз шаарында 3 көп кабаттуу үй пайдаланууга берилген. Жалпысынан 4 жылдын ичинде ушундай 20 баш калкалоочу жай курулду. Бүгүнкү күндө жеке инвестициянын эсебинен дагы 3 долбоор ишке ашырылууда. Мындан тышкары беш кабаттуу үйлөрдү курууга даяр 7 долбоор бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков