Казакстандын гидротехникалык курулуштары иликтенет

Казакстандын гидротехникалык курулуштары иликтенет

Казакстанда суу ташкындарына каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн гидротехникалык курулуштар бекемделип, жаңыланат. Өлкө бул ишти Жапония менен биргеликте жүргүзүү ниетинде. Күн чыгыш өлкөсү чоң тажрыйбага ээ жана натыйжалуу иштеп чыгуулар бар. Тараптар бул багытта кызматташууну ушул жылдын кулжа айында баштаса болорун тиешелүү мекемеден белгилешти.

Галымжан Камбарбеков, Суу ресусртары жана ирригация министрлги башкармалыгынын башкы серепчиси:

– Жапония жардам көрсөтүүнүн эки жолун карап жатат. Биринчиси, Жапониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлиги менен биргеликте иш алып баруу. Экинчи вариант – Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги менен өз ара аракеттенүү. Ошол эле учурда JICA ушул жылдын кулжа айында техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр. Жапон тарап өз кезегинде мүмкүн болушунча тезирээк чыңдалууга тийиш болгон артыкчылыктуу структуралардын тизмесин сурады. Маалыматтар JICA өкүлдөрү менен өткөрүлүп берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков