Корея-Кытай-Казакстан-Өзбекстан багыты боюнча пилоттук поезд
7 миң чакырым аралыкты басып өттү. Автоунаа тетиктер жүктөлгөн поезд Ляньюньган
портундагы логистикалык терминалында расмий түрдө ишке кошулду. Ата Мекендик
темир жол ишканасы тараткан маалыматка караганда, бул өлкөлөр ортосундагы
экономикалык кызматташуунун жаңы жолдорун ачып, биргелешкен мультимодалдык
транспортту өнүктүрүүгө түрткү берет. Ошондой эле, Казакстандын транзиттик дараметин
жогорулатып, аны эл аралык жеткирүү чынжырындагы негизги транспорттук түйүнгө
айлантат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков