Бүгүнкү күндө Казакстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Республикада бул багытта тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Ошентип борбордо интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча жайкы мектеп ачылды. Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун демилгеси менен Казпатент улуттук интеллектуалдык менчик институтуна 50 студент кабыл алынып, окутуу башталды. Белгилей кетсек, жайкы мектеп 3 жолу өткөрулүп жатат. Катышуучулардын арасында бул тармакта иштеген юристтер жана жогорку окуу жайларынын студенттери бар. Жайкы мектепке катышуучулар өлкөнүн бардык аймактарынан гана эмес, бир катар чет өлкөлөрдөн да келишти. Атап айтканда, Орусия, Молдова, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү.
Инкар Шертышева, улуттук интеллектуалдык менчик институтунун өнүктүрүү жана эл аралык өнөктөштүк башкармасынын башчысы:
- Мисалы, бир окуучу же өспүрүм анча күчтүү эмес бир нерсе ойлоп тапты дейли. Биз аны жаңылыктардан гана көрөбүз. Себеби, көпчүлүк учурда бизге арыз жөнөтүшпөйт. Биз ал баланы таап, мугалими менен сүйлөшүп, арыз жөнөтүүгө чакырабыз. Ошентип, анын жаңы ойлоп табуусу расмий түрдө катталып, мыйзам менен корголот.
София Рассказова, катышуучу:
- Бул жайкы мектеп мен үчүн абдан кызык. Анткени мен Орусия жана Казакстандын ортосундагы айырмачылыктарды билгим келди. Анын үстүнө интеллектуалдык менчикти коргоо процесси Казакстанда укмуштуудай темп менен өнүгүп жатканын билчүмүн. Бул жолкусунда мен квалификациямды жогорулатып, тажрыйба топтоо үчүн келдим. Мындан тышкары, мен бүгүнкү актуалдуу жана активдүү өнүгүп жаткан тармактарга байланыштуу тереңирээк билим алгым келет. Бул биздин келечегибиз, ошондуктан биз аны түшүнүшүбүз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков