К. Токаев Эл аралык гимнастика уюмдарынын жетекчилерин кабыл алды

К. Токаев Эл аралык гимнастика уюмдарынын жетекчилерин кабыл алды

Алматы шаарында Борбор Азиядагы эң ири Гимнастика борбору курулуп жатат. Бул тууралуу Казакстандын президенти Акордада эл аралык гимнастика уюмдарынын жетекчилери менен жолугушууда айтты. Тараптар өлкөдө бул спорттун түрүн өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев өлкөдө ири эл аралык мелдештерди өткөрүү боюнча биргелешкен демилгелерди кароого даяр экендигин ырастады. Коноктор өлкөнүн атын дүйнөлүк ареналарда даңазалап жүргөн казакстандык спортчулардын жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурушту. Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы Эл аралык гимнастика федерациясынын президенти Моринари Ватанабэни I даражадагы «Достук» ордени менен, ал эми Азия гимнастикалык союзунун президенти Абдулрахман Аль-Шатрини II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков