«Qazaq Culture» уникалдуу долбоору тааныштырылды

Жер шаарына казыналуу өлкөнүн тарыхы менен бай маданий мурасын жайылтуу. Буга байланыштуу Казакстанда «Qazaq Culture» аттуу долбоор колго алынды. Маалыматтык-агартуучулук портал жумурай-журтка байыркы улуттук баалуулуктар жана өлкөнүн азыркы маданий мурасы жөнүндө айтып берет. Ага ата мекендик сахна чеберлери, калемгерлер киноөндүрүш адистеринин мыкты эмгектери, көргөзмөлөр жана мааракелер, ар кандай аймактык долбоорлор жарыяланат. Уникалдуу сайт чет элдик коомчулукка ылайыкташтырылган. Кең масштабдуу долбоор БУУнун 6 тилинде жана казак, түрк тилдеринде маалымат таратат. Универсалдуу булак заманбап талаптарга ылайык иштелип чыкты, дешет долбоордун авторлору.

Эльвира Жүргенбаева, Маданият жана маалымат министрлигинин расмий өкүлү:

 Порталда маалыматтык технологияларга өзгөчө маани берилет. Учурда трендге айланган жасалма интеллектти ушул сайттан көрүүгө болот. Башкача айтканда, карта аркылуу каалаган аймакты тандап, 3D тур аркылуу анын маданий мекемелеринин ичин карап чыгууга болот, тарыхый жерлерди кыдырып чыгууга шарт түзүлгөн. Ошондой эле, чат-бот аркылуу каалаган маалыматты терүү менен суроо берип, жооп алууга болот.

Мерей Зейнеш, «Qazaq Culture» сайтынын иштеп чыгуучусу:

 Жасалма интеллекттин жардамы менен сайтка кирген адам өзүн чыныгы казактын образында көрө алат. Ал үчүн 200 миңдей видео жасалды. Башкача айтканда, ар бир чет эл жараны фото-сүрөтүн жүктөп, өзүн Улуу Талаанын баатыры же жоокер кызы катары сезет. Чет элдик конок үчүн керектүү маалыматтын жана башка кызматтардын бир жерде болушу маанилүү. Ыңгайлуу болуусу үчүн биз бирдиктүү билет системасын киргиздик. Башкача айтканда, сайттын колдонуучусу бардык спектаклдерге жана түрдүү маданий иш-чараларга билеттерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков