О.Бектенов Костанай облусунун инфраструктурасы менен таанышты

О.Бектенов Костанай облусунун инфраструктурасы менен таанышты

Костанай облусунда электр энергиясын өндүрүү 10 эсеге көбөйөт. Аймакта жалпы кубаттуулугу 150 МВт болгон үч шамал электр станциясы курулат. Жакынкы эки жылда аймакта калыбына келүүчү энергия булактарынын 6 жаңы долбоорун ишке ашыруу мерчемделүүдө. Алардын жалпы кубаттуулугу 1,2 ГВтты тузмөкчү. Казакстандын Премьер-министри Костанай облусундагы транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча Президенттин тапшырмаларынын ишке ашырылышын текшерди. Ошондой эле региондогу жолдорду жаңылоо артыкчылыктуу болуп саналат. Транспорттук байланышты жакшыртууга багытталган ири долбоорлордун бири – «Борбор-Батыш» автожолун салуу. Жаңы автожол Астананы Аркалык, Торгай жана Ыргыз аркылуу Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы менен байланыштырат. Бул масштабдуу жана аймак үчүн маанилүү долбоордун курулушу эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап жолду салууну көздөйт.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Бул эми президенттин түздөн-түз тапшырмасы менен ишке ашырылып жаткан долбоор. Бул бүтүндөй өлкө үчүн жана ал тургай региону үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан, жараянды тездетүү үчүн аны сапаттуу уюштуруу керек. жолдун боюнда бизнести өнүктүрүү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк ачылат. Ошондуктан абдан маанилүү долбоор. Аймакка жаңы дем берген долбоор. Министрлик менен биргеликте туура иш алып баруу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков