Мажилис спикери Ерлан Кошанов баштаган палата делегациясы расмий сапар менен Кытайга барды. Ал Бүткүл Кытай Эли өкүлдөрү жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы, Кытай Эл Республикасынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин башчысы жана Кытай Эл Республикасынын төрагасынын орун басары менен жолугушту. Тараптар парламенттер аралык диалог, экономикалык жана маданий кызматташтык маселелерин талкуулады. Анын алкагында эки өлкөнүн борбор калааларында Казакстан менен Кытайдын маданий борборлорунун ачылышы күтүлүүдө. Казакстандык депутаттарды өзгөчө кытайлык кесиптештеринин жасалма интеллект жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жаатындагы тажрыйбасы кызыктырды. Жалпысынан алганда, учурда мамлекеттер автоунаа өнөр жайы жана логистика боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Тараптар өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары катары альтернативдик энергетиканы, трансчегаралык электрондук коммерцияны жана спутниктик телекоммуникацияны аташты. Казакстан менен КЭРнын ортосундагы соода жүгүртүү тарыхый эң жогорку чек - 41 миллиард долларга жетти. Эми орто мөөнөттүү келечекте өз ара сооданы бир нече эсеге көбөйтүү жөнүндө сөз кылса болот, деп белгиледи Мажилистин Төрагасы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков