144 миллиард доллар: Казакстан соода жүгүртүүдө рекордго жетти

144 миллиард доллар: Казакстан соода жүгүртүүдө рекордго жетти

Казакстан тышкы соода системасында рекорд койду. Былтыр башка өлкөлөр менен соода алмашуу 144 млрд долларга жетти. Анын 79 млрд доллары экспорттун үлүшүнө тиешелүү. Негизги соода өнөктөштөр эки кошуна мамлекет - Кытай жана Орусия. Алар жалпы товар алмашуунун 43%ын ээлейт. Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрү менен соода 31 млрд долларга жеткен. Экспортто негизги багыт Европа. Эски континенттеги эң ири керектөөчү - Италия. Бул өлкөгө Казакстан товарынын 20%ы жеткирилет. Негизинен мунай алат. Ошондой эле сыртка уран, жез, феррокошмолор жана буудай жиберилет.

Ернар Серик, экономист:

– Өткөн жылы биздин өлкөдө азык-түлүк өндүрүмдөрүн жеткирүү рекорддук деңгээлге өстү. Бул биздин атаандаштык артыкчылыгыбыз. Күн карама майы, ун, шоколад өндүрүмдөрү жана кондитердик азыктар өсүштү камсыздады. Ошондуктан азыркы учурда даяр жана кайра иштетилген товарларды Борбор Азияга, КМШ өлкөлөрүнө, Орусия жана Кытайга экспорттойбуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков