«Байтерек»
улуттук холдинг компаниясы быйыл атамекендик экономиканы колдоо үчүн 8 триллион
теңге багыттайт. Тактап айтканда, каражат негизги инвестициялык долбоорлорду
ишке ашырууга, турак жай курулушун өнүктүрүүгө жана казакстандык ишкерлерди
колдоого жумшалат. Республиканын өкмөтү чаралар ушул жылдын ичинде өлкөнүн
реалдуу ИДӨнүн
кошумча 1,3% өсүшүн камсыздарын
белгилейт. Айта кетсек, 1 трлн теңге өздөштүрүлгөн. Долбоорлордун эң
чоң инвестициялык пулу Казакстандын Өнүктүрүү банкында топтолгон - 2 триллион
теңгеден ашык 66 долбоор. Алар биринчи кезекте
транспорт, логистика жана коммуникация, металлургия жана химиялык өнөр жай
тармактарында ишке ашырылат. Аны менен катар Qazaqstan Investment Corporation өнөр жайды өнүктүрүү фонду
долбоорлорго каражат бөлөт. Ошондой эле, чакан жана орто бизнести жеңилдетилген
насыялоо көлөмүн 3 эсеге көбөйтүү
пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

