Казакстандагы бажы административдик көзөмөлдөө жаңычылдыктар

Казакстандагы бажы административдик көзөмөлдөө жаңычылдыктар

2023-жылы мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнөн 4 миллиард теңгеден ашык каражат түшкөн. Бир жыл ичиндеги өсүш 20%ды түздү. Бул тууралуу Астанада өткөн брифингде Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин Бажы көзөмөлү департаментинин мүдүрү билдирди. Елдос Саудабаевдин айтымында, бажылык башкаруу чаралары аркылуу бюджетке кошумча 150 миллиардка жакын теңге өндүрүлдү. Өткөн жылы Казакстандын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасы 111,3 миллиард долларды түздү. Алардын ичинен өлкөнүн Кытай менен соодасы АКШ валютасында 31 миллиарддан ашты. Серепчилердин айтымында, мындай жыйынтык чек арада санариптик технологияларды киргизүүнүн жана бажы чараларын жөнөкөйлөштүрүүнүн аркасында жетишилди. Евразия экономикалык биримдигинин бардык чек араларында электрондук кезектердин автоматтык системасы иштейт. Кытай Эл Републикасы менен чек арада «Qoldau.kz» платформасы аркылуу чет өлкөлүк бланк берүү тартиби түзүлдү. Ушул эле долбоор пилоттук негизде Өзбекстан менен чек арада ишке киргизилет. Мындан тышкары, өткөрүү пункттарында чоң жүк ташуучу унааларга атайын уруксат кагазын берүү иштери тездетилди.  

 

Елдос Саудабаев, Каржы Министрлиги Мамлекеттик Кирешелер Комитетинин Бажы-Көзөмөлдөө Департаментинин Мүдүрү:

 

2024-жылы үчтүн айы-бирдин айларында ЕАЭБден тышкары Кытай, Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу үчүнчү мамлекеттер менен чек ара  аркылуу 162 миңден ашык авто транспорт каражаттары өткөн. Ал эми жылдык көрсөткүчтү ала турган болсок, өлкө аймагынан 2023-жылы 1 миллиондон ашык автоунаа өткөн. Анын ичинен 579 263 унаа Казакстанга кирсе, 451 293 темир тулпар өлкөдөн чыккан. Ошентип, биз өткөрүү жөндөмдүүлү  61%га өскөндүгүн көрүп жатабыз.

 

Мамлекеттик кирешелер комитетинин өкүлдөрү өлкөнүн транзиттик жана чек ара соода-сатык дараметин өнүктүрүү максатында аткарылып жаткан чаралар тууралуу айтты. Анын ичинде өткөрүү пункттарын жаңыртуу, Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагы аркылуу ташылган товарларды көзөмөлдөө үчүн электрондук пломбалар системасын орнотуу сыяктуулар бар. Мындан тышкары, экспорттук-импорттук операциялар кезинде, кагаз колдонуудан баш тартуу үчүн бирдиктүү тартибин киргизүү – санариптештирүү үчүн жасалган маанилүү кадам экени да айтылды. Мунун баары, серепчилердин пикири боюнча, Борбор Азия, Кавказ жана Каспий жээгиндеги мамлекеттердин ортосундагы транспорт коридорлорунда суроо-талапты жана өнүгүү темпин жогорулатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков