Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путинди Астана аэропортунан тосуп алды. Орусия президенти Казакстанга расмий сапар менен келди. Эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелери талкууланат. Мындан тышкары, президенттер видеоконференция аркылуу Костанайда өтө турган Казакстан менен Орусиянын аймактар аралык кызматташтыгынын XIX форумунун ишине катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков