Казакстан менен Өзбекстан кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүүдө. Учурда
аймактарда бир катар ири биргелешкен долбоорлор ишке ашыруунун ар кандай
баскычтарында турат. Атап айтканда, Караганды облусунда турмуш-тиричилик
техникасын жана электроника өндүрүшүн чыгарууну ишке киргизүүгө даярдык көрүү
кызуу журуп жатат. Азыр да Караганды облусунда турмуш-тиричилик техникасы жана
электроника чыгарууну ишке кошуу иштери аткарылууда. 2025-жылы пайдаланууга
бериле турган долбоор бир нече этап менен жүзөгө ашырылууда. Завод ашкана мештерин,
чаң соргучтарды, сыналгыларды, чакан мештерди, кир жуугуч машиналарды чыгарат.
Өндүрүш көлөмүнүн дарамети 9 миллиард долларга жакын, анын 8 миллиардга жакыны
экспортко багытталат. Ал эми, Костанай облусунда автоунаанын майда тетиктерин
жыйноо иштери уланууда. Долбоор кийинки жылы ишке кошулат. Шымкент шаарында
жана Түркестан облусунда өзбек пахта үрөнүн колдонуу менен текстиль
комплекстерин түзүү долбоорлору жигердүү ишке ашырылууда. Ошону менен бирге агро
өнөр жай комплексиндеги өз ара кооперация да көз жаздымында калган жок. Бул
жерде тараптар этти, күн карама майын, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүнү
көздөшүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков