Казакстан менен Кытай 25 миллиард долларлык 60ка жакын
документке кол коюшту. Тараптар бул макулдашууларга «Борбор Азия – Кытай»
индустриалдык-инвестициялык кызматташтык форумунун жүрүшүндө жетишишти.
Астанада түзүлгөн жаңы келишимдер экономиканын негизги тармактарын: энергетика,
минералдык ресурстарды кайра иштетүү, унаа жасоо, логистика, агроөнөр жай
комплекси жана санариптик технологияларды толугу менен камтыды. Атап айтканда,
Казакстан менен Кытай «жашыл» суутектин биргелешкен өндүрүшүн жөнгө салууну
макулдашышты.
Мадияр Султанбек, «KAZAKH INVEST» УК башкарма төрагасынын
орун басары:
- Кытайлык Seraphim компаниясы менен колго алынган жашыл
суутек өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган долбоор ири демилгелердин бири. Бул
багыт дүйнөдө абдан актуалдуу. Бүгүнкү күндө суутек энергиясы келечеги зор
экенин көрсөтүүдө. Мисалы, суутек менен жүрө турган авиациясы жана башка транспорт
каражаттары электрокарлар менен салыштырмалуу бир катар көрсөткүчтөр боюнча
жакшы натыйжаларга ээ. Учурда өлкөнүн Жамбыл аймагында жүгөрүнү терең иштетүүчү
заводдун курулушу башталды. Долбоордун наркы 850 миллион долларды түзөт. Ушундай
эле демилге Акмола облусунда да кабыл алынат. Облус акимчилиги менен Кытай
компаниясы жаңы өндүрүш очогун куруу боюнча келишимге кол коюшту.
Бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына
салынган Кытай капиталынын көлөмү 40 млрд долларга жетти. Учурда Казакстанда эле
КЭРнын инвесторлору менен жалпы наркы 66 жарым миллиард долларга бааланган 224
долбоор ишке ашырылууда. Тараптар инвестицияларды өз ара коргоо тууралуу эки
тараптуу макулдашууну кайра жандандырууну макулдашышты.
Роман Скляр, Премьер-министрдин биринчи орун басары:
- Биз ар бир инвесторго жекече колдоо көрсөтөбүз.
Долбоорлорду ишке ашырууга ар кандай жеңилдиктер каралган. Аларга салыктан
бошотуу, бажы алымдары жана гранттарды берүү, ошондой эле инфраструктуралык
маселелерди чечүү кирет. Инвесторлорго ресурстар жана экспорттук колдоого
тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылабыз. Кытайлык өнөктөштөрдү Казакстанда жана
Борбор Азия өлкөлөрүндө бизнести өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү
пайдаланууга чакырам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

