Касым-Жомарт Токаев менен Эмманюэль Макрон Акордада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эске сала кетсек, Франциянын президенти Казакстанга расмий сапар менен келген. Касым-Жомарт Токаев Эмманюэль Макронго ыраазычылык билдирип, аны жылуу кабыл алып, Франция Казакстандын Евробиримдиктеги негизги жана ишенимдүү өнөктөшү, ошондой эле өлкөнүн экономикасына каржы салган ири инвесторлордун бири экенин белгиледи. Өз кезегинде Эмманюэль Макрон эки тараптуу мамилелерди жогору баалады. Мамлекет башчылары казак-француз стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-логистика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Менин
чакыруумду кабыл алып, Казакстанга расмий сапар менен келгениңиз үчүн ыраазычылык
билдирем. Казакстан менен Франциянын ортосундагы кызматташтык жакшы өнүгүп келе
жатат. Бирок эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берүү зарыл. Андыктан сиздин иш
сапарыңызды тарыхый жана өтө маанилүү деп айтууга болот. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр
жемиштүү болот деп ишенем.
Эммануэль
Макрон, Франция президенти:
- Сапарды
уюштурганыңыз үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Бул сапар биздин эки тараптуу
өнөктөштүк үчүн маанилүү жылга туш келип жатат. Бүгүнкү күндө биз актуалдуу эл
аралык маселелер боюнча пикир алмашып, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына, анын
ичинде территориялык бүтүндүктүн жана улуттук көз каранды эместиктин
принциптерине берилгендигибизди дагы бир жолу ырастай алабыз. Эки тараптуу
кызматташуу маселелерин талкуулайбыз. Биз экономикалык жактан өнөктөш
өлкөлөрбүз. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана стратегиялык
өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрө турган маанилүү келишимдерге кол коёбуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков