Казакстан мунай өндүрүүнү кыскартуу тууралуу келишимди 2026-жылдын соңуна чейин узартат

Казакстан мунай өндүрүүнү кыскартуу тууралуу келишимди 2026-жылдын соңуна чейин узартат

Казакстан ОПЕК+ мүчө башка өлкөлөрү менен бирге мунай өндүрүүнү кыскартуу келишимин дагы бир жолу узартты. Мындай чечим 38-министрлер жыйынында кабыл алынды. Өлкөнүн тармактык министрлигинен кабарлашкандай, жыйындын катышуучулары келишимдин негиздерин жактай тургандыктарын ырасташты. Ошентип, дүйнөлүк мунайдын 40%дан ашыгын өндүргөн картель кара алтын өндүрүүнү суткасына 2,2 млн баррелге кыскартуу келишимин 2025-жылдын жалган куран айынын аягына чейин жана өндүрүштү күнүнө 1,65 млн баррелге чектөө боюнча келишимди 2026-жылдын бештин айынын аягына чейин узартууну макулдашты. Эске салсак, өткөн жылдан бери ОПЕК+ мүчө сегиз өлкө өз ыктыяры менен келишимдин алкагында белгиленген өлчөмдөрдөн тышкары мунай өндүрүү көлөмүн азайтып келген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков