К. Токаев Орусиянын президенти менен жолугушту

К. Токаев Орусиянын президенти менен жолугушту

Дүйшөмбү шаарында өткөн КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин алкагында Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Өлкө лидерлери Казакстандын Президентинин Орусияга боло турган мамлекеттик сапарын талкуулашты. Ал жетинин айынын 12не пландаштырылган. Бул жолугушуу эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана кызматташтыгынын маанилүү этабы болот, деп белгиледи мамлекеттин башчысы.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Казакстан менен Орусия жакшы мааниде түбөлүк союзга, стратегиялык өнөктөштүккө жана достукка байланган. Көрсөткүчтөр жакшы. Орусияга болгон сапарымдын алдында биз өз ара сооданын жогорку көлөмү менен жакындап жатабыз. Өткөн жылы ал 28 миллиард долларга жетти. Орусия биздин экономикага негизги инвесторлордун бири болуп саналат. Бардык жылдар ичинде орусиялык бизнес биздин экономикага 26 миллиард доллардан ашык инвестиция салган.


Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:


- Биз Казакстан менен болгон мамилебизди абдан баалайбыз. Биздин өзгөчө мамилебиз бар деп ишенимдүү айта алам, бул сиз экөөбүздүн жеке жакшы достук мамилебиздин аркасында гана эмес, Казакстан менен Орусия постсоветтик мейкиндикте интеграциялык процесстердин белгилүү бир деңгээлде демилгечилери болгондугуна байланыштуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков