Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Казакстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана алдыдагы келечегин талкуулашты. Мамлекет башчылары эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ушул убакка чейин иштелип чыккан соода-экономикалык, инвестициялык, өнөр жай жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү макулдашууларды ишке ашыруу багытында макулдашылган иш-аракеттерине жогору баа беришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков