Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев А.Н.Сызганов атындагы Улуттук илимий хирургиялык борборго куттуктоо жолдоду. Жакында бул борбор өлкөнүн медицина тарыхында биринчи жолу трансплантациялоо ыкмасы менен бир эле учурда үч бейтапка үч донордун бөйрөгүн алмаштыруу боюнча татаал операцияны ийгиликтүү өткөрдү. Президент хирург Болатбек Баймаханов жетектеген операцияны атамекендик медицинанын чоң жетишкендиги катары баалап, жамаатка алкыш кат жолдоду. «Азыр өлкө өтө татаал трансплантация операциясын жасаган дүйнөдөгү 6 мамлекеттин катарына кирет. Бул ийгиликке биз атамекендик адистердин, анын ичинде өзүңүздөрдүн теңдешсиз тажрыйбаңыздардын аркасында жетишип жатабыз. Келечекте да элибизге чоң кызмат кыласыңар деп ишенем», - деп айтылат ыраазычылык катта.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

