Казакстанда суу ташкындарын моделдөө системасы иштелип чыкты

Казакстанда суу ташкындарын моделдөө системасы иштелип чыкты

Казакстанда суу ташкынынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн арыздарды кабыл алуу кызматы иштей баштайт. Өлкөдө видеокөзөмөл камераларын колдонуу аркылуу суу ташкындарына каршы иш-чаралардын аткарылышын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү үчүн платформа түзүлөт. Ошондой эле, суу ташкындарын моделдөөнүн инновациялык долбоору жана суу сактагычтардын деңгээлин болжолдоо системасынын прототиби иштелип чыкты. Санарип курал берилген суунун деңгээлинде суу каптоо аймагын картага түшүрүүгө мүмкүндүк берет. Жаңы курал өкмөт башчыга тааныштырылды. Олжас Бектенов долбоорлорду кабыл алып, пилоттук режимде ишке ашыруу чараларын баштоону тапшырды. Ата мекендик өндүрүшчүлөр да четте калган жок. Заманбап санариптик системалар өндүрүштүк ишканалардын жумушун көзөмөлдөөгө жана алардын кызыкчылыктарына мамлекеттик органдар тарабынан зыян келтирүү фактыларын онлайн режиминде аныктоого мүмкүндүк берет. Жаңы базалар менен порталдарды ишке киргизүү ачыктыкты жогорулатууга, процесстерди тездетүүгө жана өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков