Учурда 7 миңден ашык казакстандык убактылуу жайгаштыруу борборлорунда. Жалпысынан 76 миңден ашык адам, анын ичинде 18 миң бала суу каптаган аймактардан эвакуацияланды. 70 миңден ашык баш бодо мал коопсуз жайларга өткөрүлдү. Астанада өткөн брифингде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлү Ерасыл Сайпаш бир катар аймактарда орун алган абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, авариялык-куткаруу иштерине күнү-түнү 16 миңден ашык адам жана 1600 даана техника тартылууда. Мындан тышкары, жабыркаган аймактарга 126 миң тонна гуманитардык жардам жеткирилди.
Ерасыл Сайпаш, Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу жана аскер бөлүмдөрү комитетинин ага офицери:
- Тынымсыз байланыш телефонуна 1052 кайрылуу келип түштү. Жабыркагандарга психологиялык жардам да көрсөтүлүүдө. Республикалык оперативдүү штабдар күнү-түнү иштеп жатат. Бардык күч-каражаттар суу ташкынын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга багытталган. Кырдаал курчуп кетсе, кошумча чаралар кабыл алынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков