Президент Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Ермек Сагымбаевди кабыл алды. Быйылкы жылдын башынан бери башкармалыктын терроризмге жана диний экстремизмге каршы жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу президентке маалымат берилди. Ермек Сагымбаевдин айтымында, бул убакыт аралыгында эки теракттын алдын алынды. Алардын бири чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте жасамак болгон. Экстремисттик көз караштары менен 139 чет өлкөлүк жаранга республикага кирүүгө тыюу салынып, 280ден ашуун чет өлкөлүк жаран Казакстандан чыгарылган.
Жыйындын соңунда Касым-Жомарт Токаев терроризмге каршы күрөшүү тармагындагы иштерди күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков