Казакстан жасалма интеллект боюнча билим берүү тармагындагы позициясын бекемдөөдө

Казакстан жасалма интеллект боюнча билим берүү тармагындагы позициясын бекемдөөдө

Казакстандын билим берүү системасына жасалма интеллектти киргизүү алдыңкы санариптик экосистеманы түзүүгө көмөктөшөт жана республиканын аймактагы алдыңкы IT-хаб катары позициясын бекемдейт. Дүйнөлүк банктын эл аралык серепчилик кеңешинин төрагасы Пол Кимдин пикиринде, жасалма интеллектти эрте үйрөтүү жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү узак мөөнөттүү улуттук стратегиянын пайдубалын түзөт. Мисалы, Кытай билим берүү платформаларын жана автоматтык баалоону өндүрүүдө, Бириккен Араб Эмираттары жасалма интеллектти мектепте милдеттүү предмет катары киргизүүдө, Сингапур бул технологияларды ар кандай дисциплиналарга киргизүүдө, ал эми Түштүк Корея санариптик окуу китептерине жана AI-ассистенттерине басым жасоодо. Казакстандын президенти кол койгон жарлык стратегиялык максаттарды практикалык иш-аракеттерге которот – мектептерди модернизациялоодон баштап окуу процессинде AI-инструменттерин коопсуз колдонууга чейин.


Пол Ким, Дүйнөлүк банктын эл аралык эксперттик кеңешинин төрагасы, Stanford Universityнин профессору:


Эмне кылбайлы, баарынын тобокелчилиги бар. Бүгүнкү күндө эң чоң тобокелдик – эч нерсе кылбоо жана эч нерсени өзгөртпөө деп ойлойм. Жай болуп, эволюцияга каршы туруу. Менин оюмча, тобокелдиги азыраак нерсе – бул жасалма интеллектти бүткүл билим берүү экосистемасын камтыган бардык процесстерде колдонуу. Окуучуларды түшүнүүдөн, алардын таланттарын түшүнүүдөн баштап, аныктап, өнүктүрүү керек болгон кызыкчылыктарга чейин.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков