Казакстанда сууну үнөмдөөчү санариптик технологиялар киргизилүүдө

Казакстанда сууну үнөмдөөчү санариптик технологиялар киргизилүүдө

Алматы облусунун айдоо аянтында сууну эффективдүү пайдалануунун жаңы технологиясы сыноодон өтүүдө. Мындан ары, талаага керектүү нымдуулуктун көлөмүн жасалма интеллект менен санариптик система эсептейт. Бул аянттагы ишти толук автоматташтырууга жана сууну пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Айта кетчү нерсе, сууну эсептөөнүн акылдуу куралдары республиканын башка аймактарында да киргизилмекчи. Мисалы, Кызылорда облусунда күрүч аянттарын автоматташтырылган системалар аркылуу башкаруу мүмкүнчүлүгү сыноодон өтүп жатат. Заманбап санариптик куралдар сууну пайдалануу жөнүндө маалымат берүү менен гана чектелбестен, эффективдүү башкаруу чечимдерине керектүү аналитикалык маалыматтарды түзүүгө жол ачат. Учурда сугаруунун автоматташтырылган системалары сыноодон өтүүдө. Эгер алгачкы орнотмолор суунун бир топ көлөмүн үнөмдөөгө мүмкүндүк берсе, аларды Кызылорда облусунун атайын тандалып алынган күрүч аянттарында жапырт орнотуу пландалууда.


Шолпан Бастаубаева, Казак айдоо аянты жана өсүмдүк чарбачылыгы илимий-изилдөө институтунун башкарма төрайымы:


Өзүңүздөр билгендей, Казакстандын түштүгү, түштүк-чыгышы кургакчылыкка ыктайт, бул аймактарда сыноо жүргүзөбүз, фермерлерибиз суунун жетишсиздигин сезип жатышат. Биз акылдуу сугаруу ыкмасы сынала турган стационарды көрсөттүк. Алгач, дрондор бүт аймакты карап, суу жетишпеген айдоо жерин аныктайт. Топурактын нымдуулугун көзөмөлдөөчү түзүлүштөр орнотулган. Программа бул аймакка канча суу керектигин аныктап, так өлчөмү менен сугарат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков