Бугу айынын 31 - Саясий куугунтук жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнү

Бугу айынын 31 - Саясий куугунтук жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнү

Мамлекет башчы бугу айынын 31 – Саясий куугунтук жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата социалдык тармактагы баракчасына атайын билдирүү жарыялады. Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик куугунтуктун күнөөсүз курмандыктарын актоо жана тарыхтын кара барактарын объективдүү, кылдат изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.  «Биз өткөн кайгылуу окуялардан сабак алып, элдин эсинде сакташыбыз керек. Ошондо гана биз ар кандай сыноолордон ийгиликтүү өтүп, адилет мамлекетти жана цивилизациялуу коомду түзүү жолунда бийик этаптарды багынта алабыз», - деп жазды Президент.

Которгон: Илгиз Жамалбеков