Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путин
менен жолугушту. Эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маселелердин кеңири
чөйрөсү талкууланды. Президент Владимир Путинге салттуу жана жылуу кабыл алуусу
үчүн ыраазычылык билдирип, аны жана бардык орусиялыктарды Улуу Жеңиштин 81
жылдыгы менен куттуктады.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
– Улуу Жеңиш күнүнүн алдында сиздерди Москвада
көргөнүмө абдан кубанычтамын — бул майрам, айтылгандай, көзүбүзгө жаш алып
келет. Биз адамзат тарыхындагы эң кандуу согуштун баатырларын урматтайбыз.
Совет мамлекети фашизмди жеңип, Экинчи Дүйнөлүк согуштан улуу держава катары чыгып,
Бириккен Улуттар Уюмунун негиздөөчү мүчөсү болду. Биз мунун баарын эстейбиз
жана ардагерлерибизди урматтайбыз. Казакстанда согушту жашап, эскерген 57 гана
фронттун жоокери калды.
Касым-Жомарт
Токаев Орусиянын лидерлеринин Казакстанга боло турган мамлекеттик сапарына
өзгөчө көңүл бурду. Өлкөнүн президенти ошондой эле Астанада өтө турган Евразия
экономикалык биримдигинин Жогорку кеңешинин саммити ийгиликтүү өтөрүнө ишеним
билдирди. Ал эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык өсүп, динамикалуу өнүгүп
жатканын баса белгиледи.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
– Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкка келсек,
биз бугу айынын аягында сиздин мамлекеттик сапарыңызга кызуу даярданып
жатабыз. Акыркы беш жылдын ичинде Орусия казак экономикасына ири инвестор болуп
келди. Соода ийгиликтүү өнүгүп жатат. Божомолдорго ылайык, ушул жылдын аягына
чейин биз 30 миллиард долларлык чекиттен ишенимдүү түрдө ашабыз - бул жакшы
көрсөткүч. Мен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы билим берүү жаатындагы гуманитардык
байланыштардын өнүгүшүн өзгөчө белгилеп кетким келет. «Сириус» мектептери
биздин өлкөдө — Алматыда, Астанада жана башка шаарларда активдүү иштей баштады.
Өз кезегинде
Владимир Путин Касым-Жомарт Токаевдин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди
чыңдоого кошкон жеке салымын белгиледи.
Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:
– Сиз Москвага келип, ушул күндөрү биз менен бирге
болууга даяр болдуңуз — бул Казакстан менен Орусия Федерациясынын
ортосундагы мамилелердин деңгээлинин эң жакшы далили. Бул көп жагынан сизге,
мамлекеттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон жеке салымыңызга
байланыштуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

