Президенттин тапшырмасы боюнча мажилис төрагасы Араб-Ислам саммитине катышат

Президенттин тапшырмасы боюнча мажилис төрагасы Араб-Ислам саммитине катышат

Казакстан Израилдин Катардагы аскерий аракеттерине байланыштуу позициясын дагы бир жолу билдирди. Бул тууралуу Казакстан президентинин тапшырмасы менен Дохада өткөн Араб-Ислам саммитине катышкан өлкөнүн парламентинин Мажилисинин төрагасы билдирди. Жыйындын жүрүшүндө Ерлан Кошанов эл аралык чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча мамлекеттин позициясын ортого салды. Касым-Жомарт Токаев Газадагы аскерий аракеттерди тез арада токтотууга жана анын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүүгө тынымсыз чакырып келет. Бул процесс быйыл штаб-кеңсеси Астанада жайгашкан азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму аркылуу да улантылууда.

Ерлан Кошанов, Парламент сенатынын төрагасы:

- Казакстан Израилдин Катар мамлекетинин аймагындагы аскерий аракеттерин кескин айыптайт. Бул позицияны Президентибиз Касым-Жомарт Кемелович Токаев биринчи болуп билдирип, Катар мамлекетине бекем колдоосун билдирди. Жасалган чабуул кандай максатты көздөсө да, мындай аракеттерге жол берилбеши керек. Бул Катар мамлекетинин эгемендик укугун бузат жана эл аралык укук принциптерине каршы келет. Мындай чабуул мамлекеттин коопсуздугуна гана эмес, эл аралык тартиптин негизин жетекчиликке алган мамлекеттердин теңдиги менен эгемендигине да зыян келтирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков