Казакстанда 2025-жылга чейин 125 туристтик долбоорду ишке ашыруупландалууда. Алардын жалпы суммасы 500 миллиард теңгеге жакын. Бул тууралуу тармактык мекемеден билдиришти. Алардын эң ирилеринин катарына борбордогу жылуу жээги бар туристтик борбор, ошондой эле, «Медеу» мейманканасын реконструкциялоо кирет. Ушул жана башка чаралар өлкөгө туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталган. Бир жылдын ичинде саякатчылардын санын 12 миллионго жеткирүү мерчемделүүдө, анын 2,5 миллиону чет элдик коноктор.
- Биринчиден, биз 80 өлкөгө ачыкпыз, Кытай эки тараптуу негизде визасыз режимди ачты. Индия, Иран жана башка өнүккөн 80 мамлекет бизге визасыз учуп келүүдө. 30 өлкө менен түз аба каттамдарыбыз бар. Бул 120 багыт. Ал эми азыр жумасына 600дөн ашык рейс бар.
- Жаңы чаралардын арасында жеңилдетилген каржылоонун мөөнөтүн узартуу бар. Ошондой эле, айыл тургундарына өз участокторунда туризмди өнүктүрүүгө, инженердик инфраструктура тармактарын курууга мүмкүнчүлүк түзүүчү акимчиликтерге ыйгарым укуктарды берүү болуп эсептелет.