Казакстанда бардык
мамлекеттик органдарда жана квазимамлекеттик сектордун уюмдарында AITU улуттук
мессенджери колдонулат. Кызматкерлер ага аяк оона айынын 15ине чейин өтүшү
керек. Бул тууралуу премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өткөн
Санариптик штабдын жыйынында белгилүү болду. Жалпысынан, жаңы орган чечимдерди
ыкчам макулдашуу жана мамлекеттик түзүмдөрдүн жана квазимамлекеттик сектордун
ишине санариптик технологияларды киргизүү үчүн жооп берет. 224 мамлекеттик
маалыматтык компонентти интеграциялоонун комплекстүү планы бекитилди. Бул
системалардын кайталанышын жана статистикалык маалыматтардагы айырмачылыктарды
жок кылат. Бүгүнкү күндө «электрондук өкмөттүн» архитектурасында 355тен ашык система жана веб-ресурс иштейт. Министрликтин
маалыматы боюнча, мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын
бириктирүүнүн комплекстүү планы кабыл алынып, жасалма интеллектти өнүктүрүү
үчүн маалымат массивдери менен иштөө регламенти бекитилди. Ошондой эле, бардык
мамлекеттик органдар, акимчиликтер жана квазимамлекеттик сектордун уюмдары эми
Smart Data Ukimet платформасына маалыматтарды өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Жаслан Мадиев, Казакстандын
санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жайы министри:
- Бул кадамдардын
баары мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга, жаңы сервистерди ишке
киргизүүнү тездетүүгө, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга
жана экономикага жасалма интеллектти киргизүүгө мүмкүндүк берет. Чечимдер
түздөн-түз жарандардын жашоо сапатына таасир этиши керек. Санариптик штабдын
милдети – ведомстволор аралык макулдашууларды тездетүү, алар көбүнчө
создуктурулуп кетет. Санариптик штабдын чечимдери бардык борбордук мамлекеттик
органдар, акимчиликтер жана квазимамлекеттик сектордун уюмдары тарабынан
аткарылууга милдеттүү.
Которгон: Назира
Бегалиева

