Казакстанда «педагог-профориентатор» кызмат орду расмий бекитилди. Окуу-агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө биринчи жолу бардык орто билим берүү уюмдарында кесиптик багыт берүүчү кызмат орду киргизилди. Башкача айтканда, бул демилге студенттерге кесип тандоодо эрте багыт берүүгө багытталган. Жаңы адис студенттердин, ата-энелердин, тарбиячылардын, колледждердин жана жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө көмөктөшөт. Долбоор мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык жана жумушчу кесиптер жылынын алкагында ишке ашырылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

