Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу бүгүнкү жолугушууда эки тараптуу кызматташтык жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттешүү өнүгүп жана тереңдеп жатат. Ал эми Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын сапары-анын ар кайсы тармактагы жүрүшүн дагы бир жолу талдап, эки тараптуу кызматташтыктын жаңы багыттары боюнча макулдашууга болгон мүмкүнчүлүк. Өз кезегинде Сергей Шойгу Казакстандын Президентине аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык өз ара аракеттешүү ийгиликтүү өнүгүүдө. Бизде 171 долбоор боюнча макулдашууга жетишилди, мында 50дөн ашык долбоор ишке ашыруунун акыркы баскычына чыкты. Орусия учурда Казакстандын экономикасына негизги инвесторлордун бири болуп саналат. Биздин мамлекеттердин укук коргоо органдарынын, коргоо мекемелеринин линиясы боюнча да өз ара аракеттешүү ийгиликтүү өнүгүп жатат деп ойлойм.
Сергей Шойгу, Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы:
- Боордош элдерибиздин, өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн мамилелер дайыма жогорку деңгээлде сакталып турат. Товар жүгүртүүнүн жана биздин биргелешкен долбоорлордун көлөмү таң калтырарлык. Албетте, биздин өз ара аракеттенүүбүз эки тараптуу кызматташуу менен эле чектелбейт. Биз Шанхай кызматташтык уюмунун, ЖККУнун, КМШнын жана ЕАЭБдин алкагында активдүү иштеп жатабыз. Анын ичинде Казакстан тарабынан демилгеленген долбоорлор ийгиликтүү, жигердүү өнүгүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

