Таразда балчылар форуму өттү

Таразда балчылар форуму өттү

Казакстан балынын экспортун көбөйтүү. Анын дарамети Тараздагы балчылардын форумунда талкууланды. Сыртка ташылган ата мекендик өнүмдүн көлөмүн арттыруу үчүн бал аарыларынын популяциясын көбөйтүү керек. Бул жаатта аларды багуунун жаңы ыкмаларын өздөштүрүүнүн мааниси чоң. Жыйында тажрыйбалуу серепчилер бал жыйноонун алдыңкы технологиялары менен бөлүшүштү. Ошондой эле катышуучулар жаш балчыларды окутуу маселелерин карашты. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген адистер чакан жарманке уюштуруп, өз өнүмдөрүн көпчүлүккө сунуштады.

Улжан Нуралиева, илимий-изилдөө институтунун ага илимий кызматкери:

- Казакстан жеринин көлөмү боюнча 9-орунда турат. Бал өсүмдүктөрүнүн азыркы тапта 200 миңден ашык түрү бар. Ошондуктан, биздин Казакстандын бал өнүмүн өндүрүү боюнча статистикага көз чаптырсак, мисалы, Өскемен, Чыгыш Казакстан биринчи орунда турса, Түштүк Казакстан, Жамбыл облусунда аарычылык жакшы өнүккөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков