Казакстанда жаңы жылдан тарта милдеттүү социалдык медициналык
камсыздандыруу системасы өзгөрөт. Казакстандын президенти тарабынан ушул жылдын
теке айында кол коюлган мыйзамдын негизги жаңылыктарынын бири кошумча бир
миллиондон ашык адамды камтыйт. Бул жумуш менен камсыз кылуу органдарында
катталгандар жөнүндө болуп жатат. Ошентип, жаңы нормага ылайык, алардын
камсыздандыруусун акимчиликтер төлөйт, каржылоо жергиликтүү бюджеттерден
бөлүнөт. Жаңылыктардын катарында камсыздандырылган статусун сактоо мөөнөтүн 3
айдан 6 айга чейин узартуу бар. Бул беш жыл бою туруктуу төгүмдөр болгон
шартта. Саламаттыкты сактоо министрлиги белгилегендей, МСМСти реформалоо жөн
гана зарылчылык эмес, стратегиялык артыкчылык болуп саналат.
Лаззат Шоманова, РКда медициналык камсыздандырууну
талдоо жана өнүктүрүү департаментинин мүдүрү:
- Биз 2015-жылы РКнын ММК жөнүндө мыйзамынын биринчи редакциясында каралган
баштапкы каржы моделине жарым-жартылай кайтып баштайбыз. Бул мамлекеттин
төгүмдөрүнүн ставкалары бүгүнкү 2%га каршы 7% деңгээлинде бекитилген. Бул
жумушчулар жана иш берүүчүлөр үчүн төгүмдөрдү көбөйтпөөгө, медициналык жардам
системасын узак мөөнөттүү келечекте колдоого мүмкүндүк берет. Этап менен
көбөйтүүнүн натыйжасында мамлекеттин төгүмдөрүнүн ставкасы ушул жылдагы 2%дан
2037-жылы 4,7%га чейин өсөт. Бул саламаттыкты сактоо системасына 2,8 триллион
кошумча каражат алууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

