Мамлекет башчысы Актөбе облусуна болгон иш
сапарынын жүрүшүндө болот түтүк чыгаруучу заводго барды. Ишкана үстүбүздөгү
жылдын теке айында пайдаланууга берилген. Заводдун наркы улуттук валютада 3,5
млрд теңгени түздү. Ишкана жылына 20 миң тоннага чейин даяр өнүм чыгарууга
жөндөмдүү. Касым-Жомарт
Токаевге ишкананы өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү пландары сунушталды.
Миргали Бүрбаев, «МЕТАЛЛИНВЕСТ» компаниялар
тобунун мүдүрү:
- Аталган завод атайын түтүктөрдү жасап,
Казакстандын бардык аймагында сатат. Биз чийки затты жергиликтүү өндүрүүчүдөн
алабыз.
Президент ошондой эле жергиликтүү товар
өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышты. Өнөр жай ишканалары жана темир жол
тармагы үчүн жабдуулар, медициналык приборлор, дары-дармектер, атайын кийимдер,
тиричилик химиясы сунушталат. Мындан тышкары, Мамлекет башчысына аймактын
социалдык-экономикалык өнүгүүсү тааныштырылды. 11 айдын ичинде экономиканын
өсүшү 6% түздү. Актөбе шаарынын аэропортун мультимодалдык хаб катары өнүктүрүү
үчүн бул жерде атайын экономикалык аймак түзүлөт. Долбоорго 1,2 трлн теңге инвестиция тартуу көздөлүүдө.
Президенттин тапшырмасы менен шаарда 700 орундуу драма театры жана 35 миң
көрүүчүгө ылайыкталган көп функционалдуу стадион курулат.
Мамлекет башчысы полиция департаментинин
ыкчам башкаруу борборунун имаратын көрүп чыкты. Мында 32 инспектор реалдуу
убакыт режиминде аймактагы кырдаалды күнү-түнү көзөмөлдөп турушат. Облуста
оперативдүү башкаруунун мындай 5 борбору иштейт. Президентке ошондой эле жасалма интеллект технологиясын
колдонуу тууралуу да айтылды.
Жасалма интеллект функциясынын ичине кирген түр мүнөздү, артта калган нерсени аныктоо, курал-жаракты аныктоо жана адамдар көп чогулган жерди жана түтүн болгон жерди аныктоо мүмкүнчүлүгү бар. Бул биздин бардык талдообузга аймакта оперативдүү кызыгуу көрсөткөн жыйырма миңге жакын адамдын базасы киргизилген дегенди билдирет.
Мамлекет башчысы жылына 8 миңден ашуун бала төрөлүп, 13 миңден ашуун адам дарыланган облустук перинаталдык борбордун иши менен таанышты.
Гүлшат Темирбаева, Облусттук перинаталдык
борбордун мудүрү:
-Бул борбордун өзгөчөлүгү- борбордогу жасалчу
операциялар. Жаңы төрөлгөн, ара төрөлгөн ымыркайларга операция жасоо. 50дөн
ашык операция жасалды. Ара төрөлгөн балдардын көзүнө, жүрөк тамырларына,
операция жасалат. Андан
кийин неонаталдык операциялар.
Ошондой эле, мамлекет башчысы балдар футбол академиясына барды. Спорттук объект заманбап жабдуулар менен жабдылган. Бул жерде машыгууларды жыл бою өткөрсө болот. Академияда азыр 800гө жакын бала эл аралык тажрыйба боюнча машыгышат. Касым-Жомарт Токаев тарбиялануучулар жана машыктыруучулар менен болгон маегинде балдарды спортко тартуу чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

