Казакстан президенти One Water Summit алкагында бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү

Казакстан президенти One Water Summit алкагында бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү

Казакстандын президенти салт боюнча ири эл аралык иш-чаралардын аянтчасында маанилүү жолугушууларды өткөрөт. Эр-Рияддагы One Water Summit иш-чарасында Касым-Жомарт Токаев Дүйнөлүк Банк тобунун президенти менен маек курду. Мамлекет башчысы бул стратегиялык өнөктөштүк маанилүү экендигин белгиледи. Бүгүнкү күндө тараптар 5 долбоорду 3,5 миллиард долларга биргеликте ишке ашырууда. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан транспорттун туруктуулугун жана байланышын жогорулатуу программасынын алкагында 650 миллион долларлык долбоорду каржылоону кубаттады.


Казакстан Президенти Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы менен кызматташуу маселелерин талкуулады. Касым-Жомарт Токаев менен Мухаммед бен Салман бен Абдель-азиз Аль Сауд эки өлкөнүн ортосундагы жемиштүү дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгында саясий диалог жана ишкердик байланыштар түзүлгөнүн белгилешти. Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика, мунайгаз өнөр жайы, транспорт жана логистика жаатындагы кызматташуу маселелери каралды.


Казакстандын президенти Эмманюэл Макрон менен болгон маегинде Парижге жакында болгон мамлекеттик сапары учурунда жетишилген бир катар макулдашуулар боюнча келишимдерди ишке ашыруунун конкреттүү жыйынтыктары бар экенин баса белгиледи. Өз кезегинде Франциянын президенти эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүшүн дагы бир жолу атап өттү.


Которгон: Илгиз Жамалбеков