Казакстан президенти Иорданияга расмий сапары менен келди

Казакстан президенти Иорданияга расмий сапары менен келди

Казакстандын президенти расмий иш сапары менен Иорданиянын Хашимит Королдугуна келди. Касым-Жомарт Токаевди эл аралык аэрпорттон Ханзаада Али бен аль-Хусейн менен Иорданиянын премьер-министри Джафар Хасан тосуп алды. Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында Казакстандын президенти менен падыша Абдулла IIнин ортосунда кыска жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр болот. Жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков