Парламент 2023-жылга арналган бюджет тууралуу өкмөттүн отчётун кабыл алды

Парламент 2023-жылга арналган бюджет тууралуу өкмөттүн отчётун кабыл алды

Өкмөт экономиканын 6% өсүшүнө жетиш үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Бул тууралуу өлкө премьер-министри парламент палаталарынын биргелешкен жыйынында билдирди. Олжас Бектенов максатка жетүү үчүн конкерттүү чараларды белгиледи. Жалпысынан алганда, Өкмөт экономикалык өсүштүн негизги пункттары катары курулушту, инфраструктураны, өндүрүштү жана агро өнөр жай комплексин карайт. Алдыдагы планда бул тармактарга артыкчылыктуу колдоо көрсөтүлөт. Ал эми Парламенттин 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча каржы министрлигинин башчысы отчёт берди. Ошентип, 2023-жылы ИДӨ өсүшү 5,1% түздү. Жылдык инфляция 2 эсеге төмөндөп, 9,8% түздү. Мади Такиевдин айтымында, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жылдык планы 99,9%га аткарылды. Чыгымдар 99,6% түздү. Улуттук фондго келсек, анын активдери АКШ валютасында 60 миллиард доллар. Сөзүнүн аягында министр Жогорку Эсептөө палатасынын бюджеттин киреше бөлүгү боюнча корутундусуна түшүндүрмө берди. 

Мади Такиев, Каржы министри:

– Көмүскө жүгүртүүнүн кыскарышына накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер чоң таасирин тийгизди. Негизги себептердин бири – өткөн жылы көмүскө экономикага каршы иш-аракеттердин 2023-2025-жылдарга арналган комплекстүү планын кабыл алуу болуп саналат. Натыйжада, көмүскө экономиканын деңгээли пландаштырылган 19,9%дан 18,8%га төмөндөдү. Жалпысынан бүгүнкү күндө министрлик бардык процесстерди масштабдуу санариптештирүү маселелерине артыкчылык берип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков