Казакстандын мамлекеттик башкаруусун санариптештирүү

Казакстандын мамлекеттик башкаруусун санариптештирүү

Казакстанда мамлекеттик кызматка кирүү тартиби жеңилдейт. Бул кызматка кирүүнү оптималдаштыруу үчүн келерки жылдан баштап «e-Qyzmet» системасы өлкөнүн бардык мамлекеттик органдары үчүн иштей баштайт. Аны ишке ашыруу этап-этабы менен жүрөт. Азырынча пилоттук долбоорду 44 структура колдонууда. Мындай заманбап санариптик чечим талапкерге дүйнөнүн каалаган бурчунан каалаган убакта мамлекеттик кызматка сынактык тандоонун бардык этаптарына катышууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле кадрдык процесстерди санариптештирүү сынакты ачык-айкын жана адилеттүү өткөрүүнүн кепили болот. Мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери Казакстандын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясында кесиптик квалификациясын жогорулата алышат. Бул өзгөчө макамдагы мекеме быйыл 30 жылдык мааракесин белгилеп жатат.


Мааракеге карата Астанада мамлекеттик органдардын жана түрдүү мекемелердин өкүлдөрүнүн, академия кызматкерлеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк серепчилердин катышуусунда эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду. Акыркысы өлкөлөрдөгү мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Алар Казакстанда мамлекеттик сектор жогорку деңгээлде өнүгүп келе жатканын белгилешти.


Гюнтер Гоблом, Брюссель дипломатиялык академиясынын мүдүрү,Бельгия:


- Бул жаатта эки тарап тең колдонгон мыкты тажрыйбалар келечекте өлкөлөрдүн экономикалык жыргалчылыгын жогорулатат деп ойлойм. Эки тарап тең мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүсү жакшы өнүккөн. Биз муну уюмдар, компаниялар жана жалпы жарандык коом баалай турганын көрүп жатабыз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков