Казакстанда Президенттик жаштар кадр резервине тандоонун акыркы этабы өтүп жатат. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы маалымдады. Быйылкы сынакка 6 миңден ашуун адам катышты. 1 орунга 128 адам туура келди. Бир нече этаптан турган тандоо жыйынтыгы боюнча 100 алдыңкы талапкер аныкталды. Эми алар Улуттук комиссия мүчөлөрү менен маектешүүдөн өтүшөт. Андан ийгиликтүү өткөн 50 адам Президенттик жаштар кадр резервине кабыл алынат. Эске сала кетсек, Президенттик жаштар кадр резерви – Мамлекет башчысынын таланттуу жаштарды мамлекеттик башкаруу системасына тартуу боюнча демилгеси.
Дархан Жазыкбаев, Казакстан
Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин төрагасы:
- Биздин талапкерлердин бардыгы
жогорку билимдүү, алар чет өлкөдөн билим алышкан. Ошол эле учурда, бул этаптан
өткөн талапкерлер мамлекеттик башкарууга өз салымын кошууга, аймактык деңгээлде
да, борбордук органдарда да иштөөгө даяр.