Катар, Сингапур менен инвестициялык кызматташтык түзүлдү

Катар, Сингапур менен инвестициялык кызматташтык түзүлдү

Казакстан Катар жана Сингапур менен инвестицияларды өз ара илгерилетүү жана коргоо боюнча кызматташык түздү. Мажилис тараптар менен түзүлгөн тиешелүү келишимди кабыл алып, Сенаттын кароосуна жөнөттү. Эске сала кетсек, бул документке Катар менен былтыр тогуздун айынын 12де Астанада кол коюлган. Анын негизги максаты - өлкөнүн аймагында инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, активдүү жана натыйжалуу иштөө үчүн максималдуу шарттарды түзүү. Муну менен катар, чет элдик капиталдын агымын көбөйтүүгө жана өлкөлөрдүн  экономикалык жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган. Төмөнкү палатанын депутаттары Казакстан менен Катар өз ара көп тараптуу мамилелердин алкагын бекемдөөгө ниеттенип жатканын билдиришти. Бул жаатта соода жана энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын дарамети жогору. Ата мекендик өндүрүшчүлөр араб мамлекетинин базарына икра, балык, эт, бал сыяктуу азык-түлүк өнүмдөрүн жеткирүүгө даяр.

Серик Егизбаев, Парламент мажилисинин депутаты:
- Казакстан газды кайра иштетүү менен газ химиясын өнүктүрүү, ошондой эле, суюлтулган жаратылыш газын өндүрүүчү ишканаларды куруу аркылуу көгүлтүр отундун ресурстук базасын көбөйтүү жана кошумча наркы жогору өнүмдөрдү чыгаруу боюнча маанилүү милдеттерди коюуда. Көп жылдык кызматташуунун жүрүшүндө биздин мамлекеттер ачык саясий диалогду жана жигердүү соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө каалоолору жогору экенин көрсөтүп келет.

Мындай келишимге Казакстан Сингапур менен 2018-жылы кол койгон. Бүгүнкү күндө аталган мамлекеттин өлкөгө салган инвестициясы 1,5 миллиард долларга жетти. Эки өлкөнүн өз ара соодасы 2 миллиард долларды түзөт. Депутаттардын айтымында, келишимди ратификациялоо сингапурдук капиталдын Казакстанга көбүрөөк келишине жол ачат. Учурда жүргүзүлүп жаткан долбоорлор андан ары өнүктүрүлүп, жаңы өндүрүштү ачууга шарт түзүлөт. Анын ичинде күлбото заводун жана кофе жасоо фабрикасын куруу каралган.

Бактыкожа Измухамбетов, Парламент мажилисинин депутаты:
- Каралып жаткан келишимди кабыл алуу түзүлгөн пландарды ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Анткени ал инвестициялык долбоорлор менен укуктук кепилдиктерди берүү аркылуу эки элдин инвестицияларына жагымдуу шарттарды түзөт. Сингапур - инвестициялык жагымдуулугу, бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги жана эл аралык рейтингдерде көптөгөн алдыңкы орундар боюнча дүйнөлүк лидер. Сингапурдагы бизнес-долбоорлорго салынган инвестициялар коопсуздуктун жогорку деңгээли менен өзгөчөлөнөт. Ал эми Улуттук мыйзамдар башка өлкөлөрдүн инвестициялык кызыкчылыктарын эске алат.

Мажилисте Казакстан инвестиция тармагында мындай эки тараптуу 49 келишимге кол койгону айтылды. Жылдын аягына чейин Сауд Арабиясы менен дагы бир келишим түзүлөт деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков