Мамлекет башчысы ГФР федералдык президенти менен жолугушту

Мамлекет башчысы ГФР федералдык президенти менен жолугушту

Мамлекет башчысынын Германияга расмий сапары уланууда. Касым-Жомарт Токаев Берлиндеги Bellevue сарайында Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту. Тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Тактап айтканда, бул энергетика, транзит, логистика, тоо-кен өндүрүшү, кайра жанма энергия булактары, айыл чарба жана санариптештирүү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле эки өлкөнүн илимий жана билим берүү уюмдарынын ортосундагы мамилелерди чыңдоого басым жасалды. Жолугушуунун соңунда Казакстан менен Германия көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө үчүн биргелешкен аракеттерди көбөйтүүнү макулдашты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков