Казакстандык өндүрүүчүлөр өз өнүмдөрүнүн аталыштарында географиялык мүнөзүн көрсөтүүгө укуктуу. Бул тууралуу бүгүн Сенаттын жалпы жыйынында эки окууда каралып, жактырылган «Интеллектуалдык менчик жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамда айтылды. Документти тааныштырган Мажилистин депутаты Гүлнара Бижанованын айтымында, мүлк мыйзамдарын өркүндөтүү аны эл аралык келишимдерге шайкеш келтирүүнүн алкагында жүргүзүлдү. Жаңы эрежелер тогуз миңге жакын казакстандык авторлорго жана укук ээлерине сый акы алууга жана жамааттык уюмдардын укуктарынын бузулбашын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Гүлнар Бижанова, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзам долбоорунда географияны көрсөтүү деп аталган жаңы объект сунушталууда. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн дүйнөлүк рынокко жаңы мүмкүнчүлүктөр менен чыгуусуна шарт түзөт. Мында өнүмдүн бедели жана сапаты конкреттүү географиялык объектке көз каранды. Мисалы, «Казакстандык шоколад», «Көкшетау балмуздак», Осакаров саамалы, Лепси балы жана башкалар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков