12 миллиондон ашык казакстандык АЭС салуу боюнча референдумга катыша алат

12 миллиондон ашык казакстандык АЭС салуу боюнча референдумга катыша алат

Атомдук электр станциясын куруу боюнча референдумга 12 миллиондон ашык казакстандыктар катышып, чечим кабыл алууга салым кошо алат. Эскерте кетсек, президент Касым-Жомарт Токаевдин Казакстан элине жолдогон кайрылуусунда бул маанилүү чечим элдин уруксаты менен гана ишке ашары айтылып, күнү да белгиленди. Ошентип, тогуздун айынын 6да Казакстандын бардык аймагында жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө 10 327 объект иштейт. Анын ичинен 9 миң 709 участок - туруктуу дарек боюнча, 618и убактылуу дарек боюнча ачылат. 63 чет өлкөдөн келген мекендештер 78 шайлоо тилкесинде добуш бере алат. Белгилей кетсек, референдумда бир гана суроо берилет. «Казакстанда Атомдук электр станциясын курууга макулсузбу?» деген суроого казакстандыктар «ооба» же «жок» деп жооп беришет.

Нурлан Абдиров, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:

-Жалпы элдик референдум - масштабдуу улуттук диалогдун дагы бир көрүнүшү жана элдин үнүн уккан мамлекет концепциясын ишке ашыруунун жаркын үлгүсү болот. Мындай кадамдар менен Казакстан жаңы коомдук-саясий маданиятты калыптандырат. Ошондой эле негизги мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда жаңы стандарттарды белгилейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков