Борбордук шайлоо комиссиясында тогуздун айынын 6да өтө турган референдумга эл аралык уюмдарды байкоочу катары каттоо уланууда. Жалпы 76 адам аккредитациялоодон өттү. КМШга мүчө өлкөлөрдүн, түрк мамлекеттеринин уюмдарынын, ШКУнун жана Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелердин өкүлдөрү алышты. Добуш берүү процессинин максималдуу ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, ошондой эле добуш берүү участкаларындагы кырдаалды максималдуу көзөмөлдөө байкоочулардын милдети болуп саналат. Боршайкомдун маалыматы боюнча, байкоочулардын тизмеси сунуштар түшкөн сайын толукталып турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков